Ысык-Көл. Каракол шаарында жолдор оңдолууда

Ысык-Көл облусундагы Каракол шаарынын жолдорун оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө. Ага Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан 29 миллион сом бөлүндү. Ал эми жергиликтүү бюджеттен 40 миллион сом берилгенин Каракол шаарынын вице-мэри Көлбай Карасартов бүгүн, 10-апрелде билдирди. Анын айтымында, алгач шаардын түштүк-батыш тарабындагы жолдор оңдолот. "Жол оңдоого мындай чоң суммадагы каражат буга чейин бөлүнгөн эмес”,- дейт Карасартов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан