Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 10-апрелдеги жыйынында депутат Исмаил Исаков "мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевдин абактан бошотулган соң Москвага чыгып кеткендиги тууралуу маалыматтар бар экенин айтты. Депутат бул маалыматты териштирүүнү тийиштүү органдардан талап кылды. “Эгерде бул маалымат чын болсо, мындай ишке жол берген жетекчилер отставкага кетиши керек. Мен бул маалыматты текшерүүгө тийиштүү жетекчилерди чакырып кетем", -деди эл өкүлү. Маалым болгондой, 16 жылга эркинен ажыратылган Азиз Батукаев 9-апрелде ден соолугунун начарлаганына байланыштуу камактан бошотулган.