"Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 95 чакырымы курулуп бүттү". Мындай билдирүүнү бүгүн, 10-апрелде ЖКнын жыйынында Транспорт жана коммуникация министринин статс-катчысы Максатбек Дыйканов билдирди. Анын айтымында, жалпы узундугу 360 чакырым болгон аталган жолдун дагы 265 чакырымы бүтө элек. “Дүйнөлүк банктын эсебинен Ноокат ашуусунда жолду оңдоо иштери башталды. Бул жолду 3 жылдын ичинде куруп бүтөбүз”,- деди Дыйканов.