6-апрель күнү Ош мамлекеттик университетинде орус тили боюнча “Жалпы жат жазуу” аттуу акция болуп өттү. Анда орус тили боюнча сабаттуулугун текшерүү үчүн шаардагы студенттер, окуучулар, укук коргоочулар жана юристтер болуп, жалпы 87 жаран катышты. Жат жазуунун тексти орус жазуучусу Дина Рубинанын чыгармасынан алынып, аны аталган окуу жайдын Филология факультетинин доценти Д.Осмонкулова окуду. Жат жазуунун жыйынтыгында бир дагы катышуучу “5” деген баа алган жок, 9 адам “4”, калгандары “3” деген баага жат жазуу жазышкандыгы белгилүү болду.