Уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш өз алдынча мыйзам аркылуу бекемделүүдө

Бүгүн, 10-апрелде ЖКнын жыйынында уюшкан кылмыштуу топторго (УКТ) каршы күрөштү күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. УКТ мүчөлөрүн каттоого алуу ишин ыраатташтыруу максатында, баяндамачы уюшкан кылмыштуу топтор негизинен баңгизат, каржы, каракчылык сындуу түрлөргө бөлүнүп каттала тургандыгын баса белгиледи. Ушундай чараларды көрүүнүн натыйжасында Италия, Германия, Грузия, Азербайжан, Латвия өңдүү өлкөлөрдө уюшкан кылмыштуу топтордун саны кескин кыскарган. Жаңыдан киргизилип жаткан түзөтүүлөргө ылайык, кылмыштуу топтун мүчөсү деп шектелип, анысы сот аркылуу аныкталган мурдагы соттолбогон адамдар да атайын каттоого алынуу менен, алардын мамлекеттик кызматта иштөөсүнө жол берилбейт. Мыйзам долбооруна ылайык, соттолгон УКТ мүчөлөрүнө карата мунапыс жарыяланбайт, дагы башка жеңилдиктер каралбайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан