ЖКда Кытай банкынан 129 миллион доллар насыя алуу боюнча келишим каралды

10-апрелдеги парламент жыйынында кыргыз өкмөтү менен Кытай банкынын ортосундагы Бишкек-Нарын-Торугарт жана Ош-Баткен-Исфана жолун калыбына келтирүү жумуштарын каржылоо боюнча макулдашуу долбоору талкууланып, добуш берүүгө жөнөтүлдү.Транспорт жана коммуникациялар министринин статс-катчысы Максат Дыйкановдун айтымында, макулдашуу долбооруна ылайык, Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 25 чакырымын жана Ош-Баткен-Исфана жолунун 125 чакырымын оңдоого кытай банкы тарабынан 129,8 миллион доллар насыя берилүүгө тийиш. Насыя каражат жеңилдетилген 2 пайыздык үстөгү менен берилет. Ал эми карызды төлөө 2020-жылы башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан