8-апрелден 16-апрелге чейин борбор шаарда “Балдарга биргеликте жардам беребиз” аттуу акция башталды. Бул тууралуу “Балдардын укугун коргоо биримдиги” коомдук фондунун өкүлдөрү билдиришти. Бул иш-чарада керексиз кагаздар чогултулуп, алар кайрадан сатылат. Түшкөн каражат шаардагы Балдарга жардам көрсөтүү борборуна жөнөтүлөт. Акцияга катышууну каалагандар керексиз китеп, журнал, гезиттерин жана башка кагаздарын Карасаев көчөсү-73 дарегине алып келишсе болот.