Бүгүн, 10-апрелде Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында президент Алмазбек Атамбаев Эл аралык валюта фондунун жакынкы Чыгыш жана Борбордук Азия департаментинин миссия башчысы Кристиан Беддис менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын аталган фонд менен болгон кызматташтыгы жөнүндө маселелер талкууланды. Беддис президент Алмазбек Атамбаевге кыргыз өкмөтү менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы жөнүндө маалымат берди. Жолугушууга Эл аралык валюта фондунун Кыргызстандагы өкүлү Коба Гвенетадзе да катышты.