Кыргызстанда 1 жылдын ичинде Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин саны 1,5 миңге азайган. Бул тууралуу Социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, учурда республика боюнча 8 миң 564 ардагер бар, ал эми 2012-жылы алардын саны 10 миң 65 болчу.