Сугат айдоо жерлери жөнүндө мыйзамга толуктоо жана өзгөртүү кирди

Президент Алмазбек Атамбаев “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга мораторий киргизүү жөнүндө” КРнын мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2013-жылдын 14-мартында кабыл алынган. Анда мораторий мамлекеттик же муниципалдык менчикте гана турган жалпы билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелерине, аскердик, чек аралык мекемелерин жана заставаларын курууга, Кыргызстандын аэропортторунун аймагын кеңейтүүгө жана өзгөчө кырдаалдардан жабыр тарткан жарандарды көчүрүү максатында сугат айдоо жерлерин которууга таркалбагандыгы каралган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан