"Түркия мамлекети Кыргызстанга инвестиция салууга кызыкдар". Бул маалыматты бүгүн, 10-апрелде Бишкекте өтүп жаткан кыргыз-түрк бизнес-форумунда Түркиянын Экономика министри Зафер Чаглаян айтты. Ал билдиргендей, 10 жыл ичинде Кыргызстанга Түркиядан келген инвестициянын көлөмү 7 эсеге көбөйгөн. "Учурда түрк инвестициялары дүйнөнүн бардык жагында айланып турат. Ал эми Кыргызстан Түркия инвестициясында маанилүү орунду ээлейт",- деди ал.