Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы стратегиялык кызматташтыктын Башкы кеңешинин 2-жыйыны тар чөйрөдө өтүүдө

Бүгүн, 10-апрелде "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы стратегиялык кызматташтыктын Башкы кеңешинин 2-жыйыны тар чөйрөдө өтүүдө. Андан соң кең чөйрөдө өтүүсү күтүлүүдө. Аталган кеңеш 2 өлкөнүн ортосундагы аскердик, саясий, экономикалык, маданий, туристтик, илимий-гуманитардык мамилелердин стратегиясын аныктайт. Кеңештин жыйыны Кыргызстан менен Түркия ортосунда кезек-кезеги менен өткөрүлөт. Биринчи жыйын 2011-жылы 26-апрелде Анкара шаарында болгон. Кеңештин төрагалары президент Алмазбек Атамбаев жана Түркиянын премьер-министри Режеп Тайип Эрдоган болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан