Футбол боюнча улуттук курам Эл аралык футбол федерациясынын рейтингинде 105-орунду ээледи

Бүгүн, 11-августта жаңыланган Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) рейтингинде улуттук курамабыз 105-орунду ээледи. Бул тууралуу ФИФАнын расмий сайты кабарлайт.

Маалыматка ылайык, улуттук курамабыз өткөн айдагы көрсөткүчтөн 1 орун артка жылып, Сирия курамасы менен 105-орунду бөлүп алды.

30-августта Кыргыз Республикасынын футболчуларына каршы турчу Казакстан курамасы бул жолку рейтингде 1 орун алдыга жылып, 96-орунга көтөрүлдү.

Алдынкы ондукта Аргентина, Бельгия, Колумбия, Германия, Чили, Португалия, Франция, Испания, Бразилия жана Италия курамалары бар. Европа чемпиондугунда сенсация жараткан Исландия курамасы 23-орунду ээлеп турат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Patriot..kg
2016-08-11 14:57:44
Ийгилик
0
elmurat.kg
2016-08-11 15:05:42
аа.жакшы жакшы..былтыр айдагы рейтинг чыкпадыледа эми чыгыптырда...
0
erjigit-e.15
2016-08-11 15:21:29
Азаматтар Казакстанды женгиле эми
+1
nuridindosmatov
2016-08-11 15:34:31
Сооонун.кудайым буйруп казакстан үстүнөн жеңишке жетсек дагы да рейтинг жакшыланат....алга кыргызстан!!!!!!!!
+1
Soni130587
2016-08-11 15:49:21
Алга Кыргызстан.
0
bakulya2015
2016-08-11 16:08:38
Азаматтарыбызды Алла колдосун,ийгилик!
+2
madridka
2016-08-12 10:00:36
Кыргыздарды кудай колдосун!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан