Футбол боюнча кыргыз курама командасы ФИФАнын рейтингинде бир тепкичке түштү. Бул тууралуу Улуттук футбол федерациясынын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, ФИФА уюмунун жаңыланган рейтингинде Кыргыз курамасы 211 команданын ичинен 91-орунду ээледи. Буга Александр Крестининдин шакирттеринин Япония курамасына 4:0 эсебинде жеңилип калгандагысы себеп болду.
Ал эми улуттук курамдын Азия кубогундагы тайпалык оюндардагы атаандаштары төмөнкүдөй орундарга ээ болушту:
Кытай 76-орунда жайгашып, мурдагыдан бир тепкич ылдыйлаган, Түштүк Корея курамы 53-орунду ээлеп, мурунку эле позициясында калган. Филиппин курамасы 114-орунду ээлеп, мурунку рейтингден 2 тепкичке көтөрүлгөн.
Бул айдын эң мыкты командасы болуп 8 тепкичке секирик жасаган Судандын командасы табылса, ал эми 7 тепкичке төмөндөгөн Орусия жана Бенин курамалары айдын эң начар командалары болду.
Белгилей кетсек, ФИФАнын рейтинги курама командалардын көрсөткөн жыйынтыгына жараша ай сайын жаңыланып турат. Ушул жылдын апрель айындагы рейтингде Кыргыз курама командасы 40 тепкичке көтөрүлүп, айдын мыкты командасы болгон.