Бишкектин Чүй проспектинде жайгашкан №97-үйдө “Коопсуз шаар” долбоорунун бет ачары болду. Иш-чарага мэр Иса Өмүркулов, Бишкек шаардык ИИББинин жетекчиси Мелис Турганбаев жана шаар тургундары катышты. Өмүркуловдун айтымында, шаардыктар өз короолорун оңдоп, жашылдандырып, таза кармоосу үчүн мэрия ички иштер кызматкерлери менен биргеликте ушундай долбоорду ишке киргизүүнү көздөөдө. Мындан сырткары долбоордун алкагында үйдү жана короону көзөмөлдөп туруучу видеокамералар, жашоочулар үчүн унаа токтотуучу жай, балдар аянтчасы болот. Долбоорго катышкан жогоруда аталган үйдө 3 кароолчу иштеп, күнү-түнү кайтарат. Алардын айлыгы аталган үйдүн жашоочулары тарабынан төлөнөт.