Алмазбек Атамбаев: "Түркия Кыргызстандын эгемендүүлүгүн биринчилерден болуп тааныган"

Бүгүн, 10-апрелде "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы стратегиялык кызматташтыктын Башкы кеңешинин 2-жыйыны башталды. Жыйын башында сөз сүйлөгөн президент Алмазбек Атамбаев түркиялык сыйлуу конокторго ыраазычылык билдирди."Урматтуу Түркия Республикасынын премьер-министри Режеп Тайип Эрдоган, делегация мүчөлөрү, сиздерге терең ыраазычылык билдирем. Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө экономикалык жактан Түркия 16-орунда турат. Бул өлкө Кыргызстандын эгемендүүлүгүн биринчилерден болуп тааныган. Учурдан пайдаланып Кыргызстанга 6 миллион доллар грант, 100 миллион доллар насыя бергендиги жана 50 миллион карызды кечкендиги үчүн ыраазычылык билдирем",- деди президент. Жыйын өз ишин улантууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан