Кечээ, 11-августта кыргыз ыктыярчы жаштар Көчмөндөр оюндарын жарнамалоо, элге кенен жарыялоо тууралуу эски аянтта флешмоб өткөрүшкөн. Ыктыярчылардын идеясы, алардын сунушу менен сүрөтчү Төлгөбек Койчуманов эски аянтта Көчмөндөр оюндарынын логотибинин сүрөтүн тартты. Бул тууралуу сүрөтчү SUPER.KG`ге 12-августта билдирди.
"Ыктыярчылардын сунушу менен Көчмөндөр оюндарынын логотибин эски аянтка түшүрдүк. Мен эле тарткан жокмун, ал жердеги ыктыярчылар жардам берип жатышты. Узун-туурасы 40 метр аянттагы сүрөттү тартууга жалпы 10 килограмм бор кетти. 3 саатта тартып бүттүк", - деп маалымдады Т.Койчуманов.
Белгилей кетсек, буга чейин Төлгөбек Койчуманов президент Алмазбек Атамбаевдин сүрөтүн тартып, анын "Судьбе назло" ырына клип жараткан.