Жакын арада изилдөөлөрдүн жыйынтыгы менен табылган жалпак мите курттардын жаңы түрүнө АКШ президенти Барак Обаманын ысымы ыйгарылгандыгын чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Baracktrema obamai мите курту тузсуз сууда жашаган айрым жаныбарлардын жана таш бакалардын баш мээсиндеги канды бузары аныкталган. Эми мындай мителер "Baracktrema obamai" аттуу сыймыктуу ысым менен зоология илимине киргизилмекчи.
Митени изилдеп чыккан Индиана штатындагы Сент-Мэри колледжинин биологу, профессор Томас Плат мындай чечимге келгенин төмөнкүдөй түшүндүрөт: “Мен изилдеп чыккан куртка Обаманын ысымын берип, аны мазактайын деген жокмун. Тескерисинче, президент сыймыктанса болот. Анын үстүнө Барак Обама менин алысыраак тууганым болуп кетет. Мите курт сырткы көрүнүшүнөн Обамага абдан окшош: узун, ичке жана ушунчалык кыйын дейсиң. Мага кенедей бир биологиялык ачылыштын жыйынтыгына менин атымды коюп койчу деп миллиондогон долларларды сунуштаган адамдар бар. Андыктан бул менин президентке кылган сый-урматым”.
Барак Обаманын ысымын алган буга чейин балыктардын, жөргөмүштөрдүн жана өлүп жок болгон кескелдириктердин түрлөрү бар.