SUPER.KG порталынын кубогуна ээ болгон "Универсал" командасынын оюнчусу Бали аралына жолдомо утуп алды

21:50. Калыстар тобунун чечими менен SUPER.KG порталынын кубогун "Универсал" командасы алды. Ал эми "Мыкты оюнчу" болуп ушул эле командадан Калыбек Турдубаев табылды. Ошентип, Бали аралына жолдомо жакында үйлөнүү тою өтө турган Калыбек Турдубаевге тапшырылды.

21:35. "Музыкалык үй тапшырма" сынагында "тамашоучулар" ырдап-бийлеп таланттарын көрсөтүп жатышты. Ал эми ар дайым өзгөчөлөнүп чыгарма жаратып келген "Универсал" командасы бул ирет да оригиналдуу музыкалык чыгармасы менен башкалардан айырмалана алды. Дагы бир нече мүнөттөрдөн соң Балиге барчу "Мыкты оюнчу" аныкталат. Калыстар кимди "Мыкты оюнчу" деп табуу керектигин кызуу талкуулап жатышат.

21:10. Азыр "Музыкалык үй тапшырма" сынагы башталды.

21:05. "Ала-Тоо" командасы учурдагы саясат, Конституцияны өзгөртүү, Көчмөндөр оюндары тууралуу видео көрсөтсө, "Brooklyn" командасы үйлөнүү тойдогу кызыктар жөнүндө видео тартуулады. "Ассорти", "Универсал" командалары да өзгөчө видеолору менен күлкү сунушту.

20:50. "Видеосынак" сынагы башталды. Командалар 3 мүнөттүк видеолорду калыстар тобунун, көрүүчүлөрдүн назарына тартуулашууда. Алгачкы болуп "Элестет" командасы "Супер-Инфо" гезитинин негиздөөчүсү Кылычбек Султанов өлкөдөгү популярдуу гезитти кантип түзгөндүгү тууралуу кызыктуу видео көрсөтүп берди.

20:35. "Ким тапан?" сынагы башталды. Калыстар оюнчулардын бат тапкычтыгын, тапандыгын сыноо үчүн түрдүү суроолорду беришти. "Тамашоучулар" ар бир суроого тамашалуу жоопторду узатышууда.

20.20. Сахнага "Элестет" командасынын оюнчулары чыгып, коомдогу терс көрүнүштөрдү көрсөтүп беришти. Андан соң ар бир командага упайлар ыйгарылды. Учурда "Ким тапан?" сынагы өтүп жатат.

20:12. Сахнага "Brooklyn" командасы чыкты. Алар футбол боюнча кыргыз спортчуларынын жеңишин, жеңилүүсүн, Көчмөндөр оюндарындагы көк бөрү оюнундагы жеңиштер тууралуу айтып жатышат. Ошондой эле жогоруда аталган оюндагы кызыктуу көрүнүштөрдү сахналаштырышууда.

20:05. Коомдогу дагы бир терс көрүнүштөрдүн бири болгон селсаяктар маселесине "Ала-Тоо" командасы токтоло кетти. Селсаяктардын жашоосу, бири-бирине куда түшүп келгенин көрсөтүп жатышат. Залдагы көрүүчүлөр сахнага чыккан ар бир команданы кызуу колдоп жатышат.

19:58. "Универсал" командасы сахнада калыстар тобуна команданын мүчөсү Калыбектин үйлөнүү тоюна чакыруу баракчаларын тапшырды. Ал эми учурда "Ала-Тоо" командасынын оюнчулары өнөрүн көрсөтүп жатышат. Алар коомдогу көрүнүштөрдү тамаша аркылуу чагылдырышып, жакында эле Кыргыз жерине келип кеткен актёр Стивен Сигалды кыргыздар кантип тосуп алганы тууралуу көрсөтүп беришүүдө.

19:50. Командалар "Саламдашуу", "Ким тапан?", "Видеосынак", "Музыкалык үй тапшырма" боюнча өз өнөрлөрүн көрсөтүшөт. Алгачкылардан болуп сахнага "Универсал" командасы чыкты. "Биз баары бир утабыз, себеби арабызда Индиядан келген оюнчулар бар" деген "тамашоучулар" оригиналдуу тамашалары менен элди күлдүрүп, залды шаңга бөлөп жатышат.

19:40. SUPER.KG порталынын кубогу үчүн күч сынашуу башталды. Эрмек Нурбаев сахнага командаларды чакырды. Ар бир команда ырдап, бийлеп чыгып жатышты. Калыстар тобунун катарында SUPER.KG порталынын директору Айсулуу Алимбекова, ырчылар Назгүл Токтакунова, Омар, Урмат Усенов, актёр Бектемир Мамаюсупов, режиссёр Рысбек Жабиров жана Көчмөндөр оюндарындагы улак тартышта өзгөчөлөнгөн белгилүү улакчы, "Мыкты чабуулчу" наамын алган Манас Ниязов да бар.

19:12. Бүгүн, 10-сентябрда Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда SUPER.KG порталынын кубогу үчүн "тамашоучулар" күч сынашат. Ага "Универсал", "Brooklyn", "Ала-Тоо", "Элестет", "Ассорти" командалары катышып жатат. Учурда залда эл өз орундарына жайгашууда. Бир нече мүнөттөрдөн соң көптөн күткөн SUPER.KG порталынын кубогу үчүн күч сынашуу башталат. Эң күчтүү, мыкты оюнчуга Бали аралына жолдомо ыйгарылат.

Тамашоу "Super kg" кубогу
SUPER.KG'нин кубогу үчүн күч сынашкан "тамашоучулар"
SUPER.KG кубогу Балиге барчу "тамашоучуну" аныктады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
Ilgiz2016
2016-09-11 00:17:59
Оооо ен сонун мен билгем.алга универсал азаматсынар.
+1
altynka95
2016-09-11 00:20:35
Универсал молодцы!
+1
kama_future_millioner
2016-09-11 01:50:56
Куттуктайм ийгилик. Алга Тамашоу, Алга КЫРГЫЗСТАН
+1
mendiba
2016-09-11 02:47:52
Балдар балдар Ошо....
+2
jora-jora
2016-09-11 02:50:47
Кылыбек аяш уко маледес сен тузук чыктын
0
azabraza
2016-09-11 08:00:28
универсал быйыл бардык кубокту алдынар тамашоунун барсасы садык месси
+4
-NURIK-
2016-09-11 10:57:10
Азамат
0
-NURIK-
2016-09-11 10:57:35
Калыбек красавчик өткөндө оштон көрдүм эле
0
-NURIK-
2016-09-11 10:57:51
Качан берет теледен
0
-NURIK-
2016-09-11 10:58:12
Алга тамашоу
0
kgalik
2016-09-11 12:47:17
Калыбек калыстарды калтыратыптырго
+2
Suluuushka
2016-09-11 18:01:31
Интернетке чыктыбыыы
+3
admin_portal
2016-09-12 10:59:06
Sharos3, этика нормаларын сактаңыз!
0
admin_portal
2016-09-12 11:03:59
SeN_Sulusun, жеке билдирүүлөр купуяга!
-2
marya91
2016-09-13 11:57:42
Азаматсынар Универсал камандасы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан