СССРдин Баатыры, генерал-майор Дайыр Асанов мындан жети жыл мурун, тактап айтканда, 2009-жылы 18-сентябрда каза тапкан. Ал анда 87 жашта болчу.
Дайыр Асанов Нарын облусунун Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылында 1922-жылы 30-майда туулган. 1941-жылы Ата Мекендик согуш башталганда Кыргыз жеринен чакырылган 363 миң жарандын ичинде 19 жаштагы Дайыр Асанов да кандуу согушка аттанган. 1943-жылдын мартында Харьковдун чыгыш жана түндүк-чыгыш тарабындагы кандуу салгылашта Дайыр Асановдун артиллериялык тобу Чугуевск районунун Пятницкое айылында душмандар менен катуу салгылашкан. Дайыр Асанов 8 танкты, 6 бронемашинаны жана 40тан ашуун автоматчыларды жок кылган. Анын бул эрдиги жогору бааланып, 1943-жылдын 26-октябрында ага "Советтер Союзунун Баатыры" деген наам ыйгарылган. Ал тарыхый Сталинград салгылашуусуна да катышкан.
18-жылдын жалнаамасы.