ИИМ: "Кашкар Жунушалиев отставкага кетүү тууралуу арыз жазган жок"

Ички иштер министрлиги ИИМдин башчысы Кашкар Жунушалиевдин өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазганы тууралуу маалыматты четке какты. Тиешелүү расмий билдирүүнү аталган мекеменин басма сөз кызматы бүгүн, 27-сентябрда таратты.

26-сентябрда "Ачык саясат плюс" басылмасы "ички иштер министри Кашкар Жунушалиев өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазды" деп жазып чыккан.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңеш 2016-жылдын 1-июнунда Кашкар Жунушалиевдин ИИМдин башчысы кызматына талапкерлигин жактырган. 2-июнда мамлекет башчы кол койгон жарлыкка ылайык, Жунушалиев ички иштер министри болуп дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Ali-han
2016-09-27 12:02:57
Конгантиевдей министр керек
+2
future_kg
2016-09-27 12:21:21
Биринчи ушинтип миш-миш айтылып , аркасынан чын болчу эле
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан