Активист: "Атамбаевдин "оң колу" батирди кайсы акчасына сатып алганын тергөө боюнча катты прокуратурага жөнөттүм"

"Президенттик аппараттын башчысынын орун басары Сапар Исаковдун батирди кайсы акчасына сатып алганын тергөө боюнча катты Башкы прокуратурага жөнөттүм", - деп бүгүн, 27-сентябрда активист Адил Турдукулов билдирди.

Активисттин айтымында, эгер тергөөнүн жыйынтыгында Исаковдун "мыйзамсыз байып кетүүсү" далилденсе, ал Кылмыш-жаза кодексине ылайык 5 жылга чейин камакка алынышы мүмкүн. "Атамбаевдин "оң колу" аянты 127 чарчы метрге барабар кымбат батирин кайсы акча каражатына сатып алганын айтып берүүсү зарыл. Мындан тышкары 2015-жылы Исаков 853 705 сом киреше тапкан, ал эми чыгашаларынын жалпы көлөмү 3 миллион 933 миң сомду түздү. Бул деле тергөөгө жана түшүндүрүүгө муктаж", - дейт Турдукулов.

Айта кетсек, кечээ, 26-сентябрда пресс-турдун жүрүшүндө Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев Бөкөнбаев-Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан көп кабаттуу үйдөн үй-бүлөсү үчүн жаңы батир сатып алганын айтып, Сапар Исаков анын жаңы кошунасы экенин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
keba300989
2016-09-27 11:22:54
Текебаев менен ойнобогула деген белем Атамбаев буга эмне дейт экен эми, карупсионерлер жанынан чыгып ататко, ХХХ
+4
tashi62
2016-09-27 11:40:56
Жакында баары камалат.
+1
Melis2014
2016-09-27 12:10:29
Текбаевке данк колдойм мен
+12
SeN_Sulusun
2016-09-27 12:15:52
Текебаев Акаевти, Бакивети женгенден кийин Атамбаевти жон эле женет ко туз эле бетине айтып атат ко эркек болсон таап уруларды эч жака качпайм деп эле
+12
take220281
2016-09-27 12:34:33
Али көп нерсе ачыка чыкчудай....
+3
Urmat_83
2016-09-27 12:43:45
Жеп ичкендерин кустуруш керек.Озулоруно абакка путевка алып бериш керек коп убакытка
+2
shirinai
2016-09-27 13:41:10
Айланып кетейин депутаттар! Силер бийликке элдин камын ойлоо учун келдинерби же бюджедти ары- бери тоноп, анан сен коп жедин мен аз жедим деп, бири- биринди чукулаганы келдинерби? Кундор отуп жатат эч нерсенин дайыны жок. Онугуу керек элге.
+2
Dastan2601
2016-09-27 13:42:16
Эмне Текебаев озу "ак" бекен,озу жебеген бекен
+1
etaj_rus79
2016-09-27 14:51:09
Dastan2601,озу жеседа жегендердин айыбын таап элге чыгарып ататко кана ким ушундай кылып коркпой элге жарыялай алат ХХХ молодчик
0
ularik_kg
2016-09-27 15:19:00
биринди бирин сат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан