Президент чукулашууну токтотуп, кечиримдүү болууга чакырды

"Башкаларды ээрчибегиле, алар бизди ээрчишсин. Улуттук кийим менен диний кийимди алмаштырбагыла. Кыргыз элинин каада-салты менен жашашыбыз зарыл. Дин менен маданиятты аралаштырып, бирөөнү туурабашыбыз керек" деген президент Алмазбек Атамбаев элди кечиримдүү болууга чакырды. Бул тууралуу бүгүн, 11-октябрда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Кыргыз мамлекетинин социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана руханий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн белгилүү инсандарды сыйлоо аземинде билдирди.

"Бири-бирибизди чукулабай, кечиримдүү болуп, жардам беришибиз керек. Ошондо кыргыз элинин келечеги кең болот. Элдин баарын бириктирген Манас атабыздай жоопкерчилик болуш керек. Өткөндү унутпай, андан сабак алуу зарыл", - деди Атамбаев.

Атамбаев: "Бири-бирибизди чукулабай, кечиримдүү бололу"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (29)
Uson13
2016-10-11 14:15:02
Бул өзүнү Манас сезип алганго
+11
Elvanu
2016-10-11 14:18:50
Белчебизден баттыкго карызга , бешикте баланында моюнда карыз. Качанга чейин Кыргыздар жашайбыз темселеп , жоопкерчилик ,намыс , милдет деген калдыбы озу .....
+7
Uson13
2016-10-11 14:22:05
Былыктарыңдын чыгып жатканынан коркуп жатасынбы
+5
take220281
2016-10-11 14:28:37
Тообо сөздөрү сөздөрүнө дал келбейт.
0
Nukeww
2016-10-11 14:31:55
кайсы бети менен айтты
+1
Er-jurok.
2016-10-11 14:36:49
Мен ушу Атамбаевден такыр умутум жок мамлекетти которот деген.Каерге барбасын бироону жамандап эле журо берет.
+6
omka100514
2016-10-11 14:39:39
Атамбаевдин көп иштерин ачып койду окшойт Текебаев, кечиримдүү болойлу деп калыптырго
+3
erjigit-e.15
2016-10-11 14:48:55
кечиримдуу болсонуз как жеринен камалган Элмырза Сатыбалдыевди эркиндикке чыгарып бериниз
-9
Ulantay
2016-10-11 15:11:21
Ө.Текебаев эми мейли,эркек адам. Жок дегенде аял адам Р.Отунбаевадан кечирим сурап койбойбу. Эркекчилик,эл башылык кылып.
+3
Altysh_Boldush
2016-10-11 15:22:47
Президент да ойлонду окшойт! Бул иштин арты жаманга алып келишин. Эрдик кылып, эркекче созундо туруп. 2017 жылы бийликти откоруп беришин суранат эле. Арзыбаган акчага алданбай. Келечекти ойлоп. Калганы кырыз элибиздин колунда татыктусу шайлап алыш.
+1
Abdurahman
2016-10-11 15:27:29
http://www.super.kg/kabar/news/162581/
Текебаев: "Атамбаевди дарыгерге көрсөтүш керек"- тезирээк коргозуш керек, башкаларга да жугат.

+2
mirsapar
2016-10-11 15:38:50
кырдаалга козу жетти окшойт.эмнеси болсо да тынч болсун.эл азыр эки фигуранын кармашканы мамлекетке зыяны тиет деп чоочуп турат.
+2
Zanzibara
2016-10-11 21:20:38
"менин корозум качты"-болуптур да кокуй күн. Калп эле кыйын болуп чакчандап алып илинчек таба албай акырындап артын сүйлөп баштаган тура))) Текебаевдин рекциясын байкайлы эми)) эгерде, бул адам да кечирип жиберсе анда булар элди алаксытып эле калп эле чукулашмай оюн ойношкон болушат))
0
erikkarakulja
2016-10-11 22:55:43
Канчалаган кан тогулор болгон эл кечирген менен кан кечирбейт тескерисинен кан кууйт.
+2
Atas
2016-10-12 09:37:47
Суперде гнайттар ( чисто ненормальный ) адамдар отуруп алып жаман создорду жазасынар, помните ар бир адамды караласанар ал нерсе эки эсе кайтып келет озунорго эле...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан