Нарын сууга көзөмөл

Нарын шаарынын жетекчилиги тиричилик агындыларын тазалоочу жайды жаңыртууга каражат издеп, чет элдик донорлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Шаардын тиричилик агындылары өткөн кылымдын 60-жылдары курулуп, эскилиги жетип, бирок тазалоого кубаттуулугу жетпеген курулмадан өтүп чыкканда дээрлик тазаланбайт. Бул долбоордун ийгиликтүү жүзөгө ашуусунан бүтүндөй чөлкөмдүн экологиялык келечеги көз каранды. Нарын шаарынан агып чыккан суу Фергана өрөөнүндөгү талааларды сугарат.

Нарын шаардык суу-каналдын директору Нурлан Максуталиев агындыларды тазалоонун пайызы абдан төмөн экенин билдирет.

"1967-жылы аскердик гарнизон менен бейтапканадан чыккан агындыларды гана тейлөөгө чакталган тазалоочу курулма бүтүндөй шаарды тейлөөгө күчү жетпейт. Шаар өсүп жатат", - деп абалды түшүндүрөт. Учурдагы курулма суткасына 2,5 миң куб суу тазалай алат, ал эми жаңы тазалоочу комплекс 10 миң куб метрге чейин суунун агымын тазаламакчы. Республикалык бюджеттен ага 5 миллион сом бөлүндү. Эми Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы калган бөлүгүн каржыламакчы.

Нарын суусунун сапаты көп тараптарды кабатыр кылып келет. Негиздүү жана негизсиз божомолдор бар. Нарын суусу Кумтөрдөгү алтын кени чыккан жерден башталат. Тактап айтканда, Чоң Нарын суусу. Ага Ысык-Көл облусунун Тоң району жактан башат алган Кичи Нарын суусу кошулуп, бир Нарын дарыясын түзүшөт. Албетте, Нарын суусунун эки куймасына тең экологиялык көзөмөл болушу керек. Чоң Нарын суусуна "Кумтөр Голд Компани" үзгүлтүксүз мониторинг жасоодо. Андан сырткары Нарын мамлекеттик университети менен кызматташтыкта, Нарын суусунан аталган шаардын кире беришине чейин, шаар ортосу жана соңунан - үч жерден үлгү алып, бир нече көрсөткүчтөргө Кара-Балтадагы көз карандысыз "Stewart Assay and Environmental Laboratories LLC (SAEL)" компаниясынын лабораториясына анализге жиберилет. Алардын негизинде шаарга жеткенге чейинки жана кийинки чекиттердеги суунун сапаты салыштырылат. Ал маалыматты ачык түрдө компаниянын Айлана-чөйрөнү коргоо жана туруктуу өнүктүрүү жылдык отчётунда ачык жарыялап, отчётту тиешелүү мамлекеттик органдарга, китепканаларга берип, өзүнүн сайтында электрондук үлгүсүн жеткиликтүү кылат.

Албетте, жогоруда айтылгандай, шаардын агынды тазалоочу жайларынан кошулган чала таза суу Нарын дарыясын булгоодо салым кошуп жатканы түшүнүктүү. Бирок ал көйгөй да ЕРӨБ жардамы менен чечилүү алдында турат. Нарын суусунун экологиялык абалы жалпы чөлкөм үчүн маанилүү жана биздин өлкө белгилүү даражада эл аралык жоопкерчиликтерди моюнга алат. Фергана өрөөнүнөн келген мөмө-жемиш, жашылча кайра эле өзүбүздүн базарларда сатылат. Андыктан бардык тараптардын, Нарын мамлекеттик университетинен окумуштуулар, мамлекеттик органдар, чет элдик каржы берүүчү донорлор менен алтын кен ишканасынын жалпылап иш алып баруусу маанилүү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
etaj_rus79
2016-11-23 18:19:15
айылдык депутатарга алтындан тош белги жасаткандан коро акчаны ушул жака жумшабайбы атка минеерлер
+9
oscar
2016-11-23 18:38:16
etaj_rus79,туура айтасын
+4
bekiw.801
2016-11-23 19:13:00
Мен да колдойм
+4
vrach
2016-11-23 23:03:43
ошону учун алтын кенге ондотуш керек бут баардыгын
+1
Mirzohidjon
2016-11-24 09:12:47
Нарындыктар эмнесинер ыя?!
0
Luchik81
2016-11-24 09:26:44
Нарында эки университет бар. Бири мамлекеттик бири жаңы ачылган Ага-Хан салып берген. эли илимдүү жерде ушундай оңолуу, өнүгүү болот. Нарындыктар, алга!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан