Транспорт министрлиги: "9-12-декабрь күндөрү "Ош" аэропортундагы каттамдардын токтошуна ташуучулар күнөөлүү эмес"

9-12-декабрь күндөрү Ошто аба ырайына байланыштуу учуу каттамдары убактылуу токтотулган. Көпкө турган тумандан улам "Ош" аэропорту учактарды ылайык болгон учурда учуруп жатканын Транспорт жана жол министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 14-декабрда билдирди.

"13-декабрдан баштап аэропорт кадимки тартипте иштей баштады. Кармалган жана аткарылбай калган каттамдар боюнча абалды турукташтыруу иш-аракеттери болууда. Жогоруда айтылган мөөнөттө кармалган каттамдар тууралуу жүргүнчүлөргө маалыматтар берилип жатты. Учуудан баш тарткан жүргүнчүлөргө авиакомпаниялар тарабынан билеттер үчүн төлөнгөн каражатты толугу менен кайтаруу жүргүзүлүп жатат. Каттамдардын кармалып же аткарылбай калышы ташуучулардын күнөөсү болбогондуктан, абалды түшүнүү менен кабыл алышыңыздарды суранабыз", - деп жазылат министрликтин маалыматында.

Ошондой эле министрлик Авиациялык эрежелердин 2.6.2. пунктуна ылайык, ташуучу форс-мажор кырдаалда (ыңгайсыз аба ырайы да кирет) жүргүнчүлөргө эскертпей, каттамды убактылуу кармап, убагын жылдырып, маршрутун, конуучу пунктун өзгөртүүгө укуктуу экенин эскертип, жүргүнчү өз каттамын ташуучунун айынан 4 саат күтсө гана тамак-аш менен камсыздаларын кошумчалады. Мындай учурда ташуучу компания жүргүнчүгө күндүз ар бир 6 саат сайын, түнкүсүн 8 сааттан кем эмес убакта тамак берип турууга милдеттүү. Ал эми жүргүнчү ташуучу компаниянын айынан каттамын 8 саат күтсө, компания жүргүнчүнү өзүнүн эсебинен мейманкандагы орду, тамак-ашы, мейманканага, кайра аэропортко чейинки транспорт менен камсыздайт.

"Каттамдар ташуучулардын айынан болбосо да, каттоодон өткөн жүргүнчүлөр болушунча акысыз
тамак-аш менен камсыздалып жатышты. Учурда аэропорт штаттык тартипте иштеп жатат",
- дешет министрликтен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KG.Kushtarbek
2016-12-14 19:27:17
Жаман кыйын кун боду
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан