Депутат: "Мен гамбургер жебейм"

"Мен гамбургер жебейм", - деди бүгүн, 23-декабрда журналисттер менен жолугушуусунда Жогорку Кеңештин депутаты Узарбек Жылкыбаев.

"Бүгүнкү күндө эт маселеси кызуу талкууланып жатат. Эл аралык талаптарга ылайык, эт тоңдурулган түрдө сатылышы керек. Биз болсо жаңы союлган малдын этин сатып алабыз. Эт сатуучулардын моралдык жоопкерчилиги болуш керек. Арам эттер сатылбаш керек. Бишкекте гамбургер жасап саткан 3-4 компания бар. Алар тууралуу терс маалыматтар чыгып жатат. Бул атайын жасалган антиреклама болушу мүмкүн. Өзүм гамбургер жебейм, жаштар бул продукцияны жакшы көрүшөт", - деди Жылкыбаев.

Айта кетсек, буга чейин жарандык активисттер "Ош базарында" өлгөн малдын эти сатылып жатканы тууралуу айтып чыгышкан. Ал эми Бишкек шаардык мэриясы рейд жүргүзүп, өлгөн малдын эти "Ош базардан" табылбагандыгын маалымдаган. Бул жагдайды териштирүү үчүн парламенттин тармактык комитетине тапшырма берүүнү өтүнгөн. Депутат Дастан Бекешев текшерүү "Ош базары" менен эле чектелбей, бардык базарларды көзөмөлдөө керектигин айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
Nurkyz1977
2016-12-23 13:01:27
Оо булар чучук казы карта жешет да,жылуу жумшак креслодо отуруп алып. Гамбургерди байкуш студенттер жейт карапайым элдин балдары. Бийликтегилердин да камырабай конул кош болгонунун да бир себеби ушул чыгар.
+27
take220281
2016-12-23 13:21:42
Nurkyz1977,студенттер гамбургер жеп калган болсо, анда жашоо оңолуптур)) биз лепешка менен пияз жечүбүз.
+34
Kanzada97
2016-12-23 13:27:52
Nurkyz1977, Гамбургерго бир аз кымбатыраак болот бизге жанагы сендвич арзан
+10
ady-88
2016-12-23 13:45:29
Бул ХХХ кылыктары акыркы убакыттарда кичинекей баланын да кылыктарынан ашып кетип жатат. Бири таксистерди текшеребиз десе бири гамбургер жебейм экинчиси азандын унун токтоткула иши кылып зериктирбейт булар элди.
+8
admin_portal
2016-12-23 14:04:10
ady-88, этика нормаларын сактаңыз!
-2
aseras
2016-12-23 14:13:01
Олгон малдын этин маалымга чыкканда эле жок кылышты да сразу,билишет да текшеруу келишин.Тим эле олгон малдын этин тапкан жокбуз дейт...жаап жашырып койгондон кийин барса таппайтта!.Маалымат бербей текшерип барыш кереш,ошондо ачыка чыгат.
+3
Khabib
2016-12-23 15:39:41
ачка калсан гамбургер эмес башкасында жейсинер азырынча депутатар элдин акчасын жееп куттуруп жатасынарбы жооп бере турган кун келет
+4
leilek_suluktu
2016-12-23 15:40:33
мен студент кезимде каттык нанды талкан кылып жеп тан атырат элек.
0
Aytur
2016-12-23 16:10:52
Конечно озун ХХХ
Тим эле акылдуу казы карта чайнап отурасынарда азыр бирок силердин урпактарынар азабын тартатго!
Балана нааразы болсон атандан кечирим сура дейт.
Кийин бала чаканар силердин кылганынардын азабын тартат.
+1
admin_portal
2016-12-23 16:32:26
Aytur, адамдын намысына шек келтирген билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган.
0
take220281
2016-12-23 17:11:17
admin_portal,аларда намыс барбы өзү?
+1
Talantbek1994
2016-12-23 18:33:15
Ошол депутаттар дагы 9000 10000 айлыкка иштеп жан багышканда көрөт элек ким эмне жейт ошондо.
+1
Kroxa
2016-12-23 23:35:57
Туштон кийин текшеруу баргыча колбасныйга же гамбургер,кебаптарга кетти да текшерсекпи текшерсек тиги бизнесмен эмне ьолот деп мэрия ойлонгуча,,эт туурагычтвн отуп фврш болуп соогу сопот болду олгон малдын этин тапкан жок дегенине+5..коркпой жей бергиле дегиле эми...видеодо турат го бакыйып эле эми журналистерге кысым корсотот...
-1
ainura220888
2016-12-24 00:08:37
Биз студент кезде майрамдарда эле гамбургер жейт элек. Студентская столоваядан 7сомго рисовая каша алып бир сомдон уч кусок нан адып жеп туалетке барып крандан муздак суу ичип алат элек. Элдин акчасын жеп ХХХ жыргап атасынарда жеп жутарлар
-2
korgoshun
2016-12-24 12:19:27
XXX десе! Мен жебейм деп мактанганын! Кыйраткан бир ишин жок анан айлыгын коп болсо жейсинби? Кормокмун элге окшоп жоо басып коргонундо айлан кетип олгону калганда ошону дагы жемексин! Алдыгы XXX! Жебейм деген! Башына тушсо ошону дагы жейсин!
+1
admin_portal
2016-12-26 11:24:33
korgoshun, этика нормаларын сактаңыз!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан