92 жыл мурун, 1924-жылы 24-декабрда Албания республика болуп жарыяланган. Алгач албандар 1912-жылы Осмон империясынан көз карандысыздыгын жарыялаган. Өлкөнү 2 жыл Убактылуу өкмөт башкарып турган. Андан соң 1925-жылга чейин княздыктын бийлиги орногон. 1928-жылдан 1939-жылга чейин хандык башкарган. 1939-жылы Италиянын, 1943-жылы фашисттик Германиянын курамына кирген. 1944-жылдан тарта мамлекеттик түзүлүш Элдик Социалисттик Республика болуп өзгөргөн. 1992-жылы Албания кайрадан республика болуп жарыяланган.
Албаниянын борбору - Тирана шаары. Мамлекет Балкан жарым аралынын батышында, Адриатикалык жана Ионикалык деңиздеринин жээгинде жайгашкан. 2009-жылдан бери Түндүк Атлантика келишим уюмунун мүчөсү. Калкынын саны 2 миллион 886 миң.
24-декабрга карата
жылнаама.