ЖЫЛНААМА, 25-ДЕКАБРЬ: 138 жыл мурун швейцариялык автокуруучу жана автожарышчы Луи Шевроле төрөлгөн

138 жыл мурун, 1878-жылы 25-декабрда швейцариялык автокуруучу жана автожарышчы Луи Шевроле төрөлгөн. Бала чагынан механикага кызыгып, велосипеддерди оңдоп-түзөп калат. 11 жашында мектепти таштап, велосипед оңдоп иштей баштайт. 22 жашында Парижге кетип, механик болуп жашоого каражат таба баштаган. Андан соң Канадага, кийин Нью-Йоркко көчүп барат. Ал жактан автожарыштарга кызыгып, аны менен алектенип, атактуулукка жете баштайт. Ал учурда Вильям Дюрант аттуу ишкер менен таанышып, аны менен биргеликте "Chevrolet Motor Company" компаниясын түзүшкөн.
Кийин АКШдан кетип, автожарыштарга ылайыктуу Корнелиан, Фронтенак үлгүсүндөгү унааларды чыгарган. Автокуруучу жана автожарышчы Луи Шевроле 1941-жылы 6-июнда Детройтто каза болгон.
25-декабрга карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан