Актёр Азиз Мурадиллаевдин дарылануусуна президент 414 миң сом бөлдү

Белгилүү актёр Азиз Мурадиллаевдин дарылануусуна президент Алмазбек Атамбаев 414 миң сом бөлдү. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Азиз Мурадиллаевдин жубайы Эльвира Жумалиева билдирди.

"Акча каражатын өлкө башчы Жаңы жылга чейин эле бөлгөн экен. Аны Азиз бүгүн алды. Буюрса, 15-январда Түркиянын Стамбул шаарына баруу үчүн билет алды. Буга чейин операцияны кайсы өлкөдө жасатуу боюнча бир чечим кабыл алына элек болчу. Стамбулдагы ооруканалардын дарыгерлери бизге өздөрү сунуштап калышты. Ал жакта операция 60 миң доллардан 100 миң долларга чейин экен. Азизге 30 миң долларга жасамай болушту. Ал жакка баргандан кийин бир сыйра дарылоодон өтүп, анализдерин тапшырат. Андан соң гана операция жасоо күнү белгилүү болот", - дейт Э.Жумалиева.

Белгилей кетсек, 2016-жылдын октябрь айында актёрдун жугуштуу С гепатити, 4-даражадагы боордун циррозу менен ооруп жатканы аныкталып, боорун алмаштыруу керектиги айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (24)
KG.Kushtarbek
2017-01-06 17:37:24
А.Атамбаев Малатсы класс
+9
adiletik
2017-01-06 17:47:10
6000$
+1
mambo-1984
2017-01-06 17:53:50
булда болсо жакшы
+7
arawan
2017-01-06 18:20:46
озунун чонтогунон чыгып жатат дейсинби андай эмес го
-4
MAKALAK
2017-01-06 18:37:05
arawan,анан сенин чонтогунон чыгып атабы
+14
Patriotkgz93
2017-01-06 22:45:56
MAKALAK,. Ошону айтсаңыз не Атамбаев нологтун үстүнөн эле жашайт дейсиңерби өзүнүнүн бизнеси бар азаматсыз ажоо жоомарттык кылыптырсыз. Актёр байкебизда айыгып кетсин. Деги эле баардык оорукчандар айыксын.
+2
Luna15
2017-01-06 18:41:54
ошону бергенге суюнсонор,бербей койсо не кылат эленер рахмат чоон,Аллах шыпаасын берип айыгып кетсин
+10
meerimma84
2017-01-06 19:02:41
414мин50тыйын болуш керек
+2
KaiMak
2017-01-07 05:43:37
жок 414мин 120 тыйын))
-2
kofesmolokom
2017-01-06 19:06:43
Ошого дагы шүгүр!
Жаратканыбыз шыпаасын берсин!
+1
Izdeim_seni.
2017-01-06 19:10:03
Эч ким оорубасын дейли. Бирок ушул актер Москвадан операция жасаттым деп,анан кайрале сахнада таскактап роль жаратканына тан калдым да,бир жумадан кийинчи. Менин бир женем боорунан операция болуп копко чейин басалбай жургон,жолотуп таятып
+3
jusupova
2017-01-07 01:28:26
Izdeim_seni., москвадан операция жазаган эмес, операция болгонго чейин канындагы вирустарга каршы даарыланып келген.
0
Izdeim_seni.
2017-01-07 05:53:30
jusupova,ой койчу ай,капкаяктагыны суйлобойчу. Суперде деле жазылган операция жасалды депчи. Анан бирок,мен ишенбей калдым. 3-4кишини кордум бооруна операция жасаткан. Тастактаптап роль жаратмак тургай суйлогонго дврманы келбей калышкан. Тем более Азиздики 4даражадагы оору деп жазылган
0
jusupova
2017-01-07 14:57:21
Izdeim_seni., В Москве Азизу делали процедуру по лигерованию вен, чтобы предотвратить внутреннее кровотечение, пересадка кылаардын алдында, а пересадку будут делать в Турции, кечээ эле инстадан Ассоль айым комментарий берди!
-1
Izdeim_seni.
2017-01-07 15:47:12
jusupova,Я Ассоль не верю. Ей верить,себя не уважать. И остаюсь при своих мнениях. Рак 4й стадии это страшная болезнь. Там уже не до сцены будет человеку. Даже до операции.
0
jusupova
2017-01-08 05:09:51
Izdeim_seni.,В чем разочерования в Ассоль, надо факты приводить, если не веришь. А так посмотрим время покажет кто был правее!
-1
Bolunbo.kyrgyz
2017-01-08 08:26:12
Izdeim_seni., ушакчылар кино буткондон кийин ооруса керек
0
Aidar.001
2017-01-06 19:30:23
Super kg нин кечээки жанылыктарында Жайлообек Талип уулу деген 26 жаштакы бала 2 козу тен корбой калып,жаны торолгон ымыркайын коро албай жатканын окуган элек, ошол балага да мамлекет тараптан колдоо корсотуп койсо болмок,Азиз байке да айыгып кыргыз элине дагы да ата- бабаларыбыздын таасирдуу образдарын корсото бериниз,Жараткан омурунузду узун кылсын.
+3
Azita
2017-01-06 19:37:52
Еех кыргыз елим,боордошторум егерде мен миллиардер болгонумда баарынардын сакайып кетишинерге себепкер болот елем,Аллахым шыпаасын берсе екен сиздерге.Колунда бар жардамын аябаган чоон журок инсандарга таазим.
+1
Firdaus-Muslim
2017-01-06 20:11:15
Жараткан Аллах оорулууларга мээнет берсе да шыпаасын кошо берсин. Көп жашаңыз ден-соолук узун өмүр каалайм.
+3
ady-88
2017-01-06 20:14:14
Ушуга да рахмат президентибизге.
+2
Shef87
2017-01-06 20:50:32
датка бул айыгып кетсин
+2
azamat.k
2017-01-07 06:53:35
500 мин болунду деп жаткан эле,калган суммасын ким сугуна койду экен.Азиз брат ылайым сакайып кетиниз,Аллахым шыпаасын берсин.
+1
palina
2017-01-07 11:33:07
Кудайым шыпаасын берсин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан