Кыргыз Республикасы Евразия экономикалык биримдигиндеги бирдиктүү тарифке кошулуп, товарларды Казакстандан алып өтүү арзандады. Бул тууралуу бүгүн, 11-январда "Кыргыз темир жолу улуттук компания" мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Жакында ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн Сочи шаарындагы жолугушуусунун алкагында товарларды ташып өтүүдө бирдиктүү тарифке өтүү маселеси да каралган болчу. Жолугушуунун өтүшү биздин өлкөгө пайда алып келди. Анткени мурдагы тарифке караганда ЕАЭБге кирген өлкөлөргө товар алып өтүү бир канча эсеге арзандады. Учурда канча пайызга арзандагандыгы боюнча жумушчу комиссия эсептөөлөрдү жүргүзүп жатат. Канча пайызга арзандаганы азырынча тактала элек", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, буга чейин кабыл алынган чечим бүгүн, 11-январда күчүнө кирип, арзандатылган баа менен иштеп баштады. Буга чейин Казакстан Орусия жана башка ЕАЭБге кирген өлкөлөргө товар алып өтүүдө ташылып жаткан жүктүн салмагына жана түрүнө жараша акы алып келген.