Казакстан Республикасынын аймагы аркылуу Кыргыз өлкөсүнүн товарларын транзиттик ташуу шарттарына Казакстандын премьер-министринин орун басары - айыл чарба министри Аскар Мырзахметов түшүнүк берди.
Ал маалымдагандай, Кыргыз Республикасынан Казакстан Республикасынын аймагы аркылуу Орусия Федерациясына Евразиялык экономикалык биримдиктин ишканалар тизимине киргизилген кыргыз ишканаларынын даяр сүт, эт жана балык продукциясын ташуу аталган өлкөлөрдүн ветеринардык кызматтары ортосундагы мурда жетишилген келишимдерге ылайык режимде ишке ашырылган жана ишке ашырылмакчы, башкача айтканда, унаанын бардык түрү аркылуу ишке ашырылат.
Бажы биримдиги комиссиясынын 2010-жылдагы чечими менен уруксат берилген товарлардын 14 тобуна (даяр сүт, эт жана балык продукциясы) кошумча түрдө товар жүгүртүүнү жогорулатуу максатында Казакстан тарап 2017-жылдын 1-январынан тарта Казакстан Республикасынын аймагы аркылуу ташууга уруксат берилген товарлардын тизимин 86 кошумча товарлардын тобуна кеңейткен.
"40 товарлардын тобун транспорттун бардык түрү менен ташууга уруксат берилсе, 46 товарлардын тобун, Дүйнөлүк жаныбарлар саламаттыгы боюнча уюмунун (МЭБ) Жан-жаныбарлардын саламаттыгы кодексинин сунуштарына ылайык, пломбаланган вагондордо темир жол транспорту аркылуу ташууга жол берилген. Аталган товарлардын тобу кайрадан иштетүүдөн өткөрүлбөгөн мал-жандыктар категориясына тийиштүү. Натыйжада ЕАЭБ Бирдиктүү тизимине киргизилген бардык ата мекендик ишканалар өз продукциясын темир жол жана автомобилдик транспорт аркылуу экспорттой алышат", - деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, Казакстан Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн азыктарды Орусияга алып өтүүгө чек койгону тууралуу айтылган.