Кара-Кулжа районунун Кара-Жыгач айылында эл мал ичкен булактан суу ичип, жаш балдар ооруп жатат

Кара-Кулжа районунун Кара-Жыгач айылында таза суу маселеси оор. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда SUPER.KG порталына жергиликтүү жашоочу Динара Касымова билдирди.

Маалыматка ылайык, Кара-Жыгач айылы райондун борборунан 35 чакырым алыстыкта жайгашкан. Жергиликтүү эл негизинен мал чарбачылыгы менен алектенет. Айылда 60 кожолукта 350дөн ашуун адам жашайт.

"Мында жашаган калктын эң башкы көйгөйү - таза суу. Айылдын эли көп жылдардан бери жер алдынан чыккан булактан суу ичет. Ошол эле булактан мал дагы суу ичет. Жаш балдар арасында ич өткөк, сарык оорулары көп катталууда. Соңку убактарда жергиликтүү жашоочулар арасында булак суусун ичкенден улам өт оорулары пайда болуп, өтүнөн таш алдыргандар көп болууда. Мындан улам айыл эли сууда адам организмине терс таасирин тийгизген заттар болушу мүмкүн деп кооптонууда. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү таза суу маселесин чечип берсе жакшы болот эле", - деп билдирди айыл тургуну Шералы Эшатов.

Маалыматка ылайык, буга чейин кара-жыгачтыктар суу көйгөйүн бийлик өкүлдөрүнө бир канча ирет айтып кайрылышкан. Бирок ушул күнгө чейин жыйынтык болбой жатканын айтышууда.

"Айылдын ички жолдору элдин күчү менен оңдолот. Жазында жамгыр жаап, жолдор ылай болгондо унаалар жүрө албай убара тартышат. Кара-Жыгач айылына өткөн сайда көпүрө болбогондуктан, кышкысын суу тоңуп, эки жээги музга айланып, жол жүрүү татаалдашат", - деп кошумчалады Эшатов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
taberik777
2017-01-13 13:26:10
Каракулжанын Кашка суу айыл окмотунун Жийде айылында да мал ичкен каналдан адамдар суу ичкенге мажбур. суусу кенири болгон олкодо жашап туруп ушинтип суу жоктугу болбойт да э
+2
Asem89
2017-01-13 13:40:09
Булактын суусуна жетпей журобуз го, хлор суу ичип. Булак таза, молтур, тиш какшаткан, шылдыр, тунук ж.б. деп сыпатталат да. Андыктан булакка соз тийгизбесенер)))) А суунун баары эле жерден чыгат да, туурабы. Алыс эмес экен, аны эптештирип алгыла да, чогулуп...
+1
zhykyo
2017-01-13 13:44:00
Африканын айлына суу чыгарып беришиптир Кыргыздар мммм
+2
Krai
2017-01-13 22:30:53
Оохо менин айылым го чиркин Тушунук
Бали аяш укам Шераали
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан