Бишкекте жашоочулар митингге чыккандан кийин эс алуучу жайда көп кабаттуу үйдүн курулушу токтотулду

Бишкек шаарындагы Айни жана Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги эс алуучу жайына салына турган көп кабаттуу үйдүн курулушу токтотулду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 13-январда Бишкек шаардык башкы архитектура муниципалдык ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Айни жана Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги эс алуучу жайына салына турган көп кабаттуу үйдүн курулушу жергиликтүү жашоочулар нааразычылык билдирип митингге чыккандан кийин токтотулду. Учурда бул ишти прокуратура карап жатат, анткени аталган жайда бир канча бак кыйылган эле. Курулушту калаадагы жоопкерчилиги чектелген коом ишке ашырууну пландап жаткан", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, үй салына турган эс алуучу жайдын аянты 17 сотых, ал эми балдар үчүн ойноочу спорттук аянтчанын аймагы 19 сотых болгон.

Эске салсак, буга чейин Бишкек шаарынын тургундары калаадагы эс алуу багындагы дарактардын кыйылып жатканын айтып, курулуш жүргүзүп жаткандарга каршылык билдирип чыгышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Davlet1994
2017-01-13 17:15:33
Курулуштар курула берсин! Онуксок жаманбы биринчи кабатын бала бакча кылып коюу керек.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан