Малга бирка сатып алууда Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциянын жеке кызыкчылыгы бар экенин бүгүн, 16-январда малга бирка сатып алууга катышкан “Санта рейд” жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Эрнис Алибаев маалымат жыйынында айтты.
“Биз 2016-жылы күз айында малга бирка сатып алуу боюнча тендерге катышып, экинчи орунду алганбыз. Биздин компания буга макул болбой сотко кайрылган. Сот тендердин иши жокко чыксын деген чечим чыгарган. Ветеринардык жана фитосанитардык инспекция соттун чечимине карабай компания менен келишим түзүп, 30 пайызын төлөп берди. Бул жерде Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциянын жеке кызыкчылыгы бар”, - деп билдирди Алибаев.
Маалыматка ылайык, "Санта рейд" компаниясы да эл аралык сертификаттарды алып, иш жүргүзүп келет. Аталган компания мыйзам бузуулар боюнча тийиштүү кызматтарга кайрылган.
Эске салсак, буга чейин Ветеринардык жана фитосанитардык инспекция 40 миллион сомго бирка сатып алуу боюнча тендер өткөргөн. Тендерге 25 компания катышып, жоопкерчилиги чектелген “Ньюс тар” компаниясы жеңип алган.
Жогоруда айтылган маалыматтарды Ветеринардык жана фитосанитардык инспекция төгүндөдү.
"Бизге куру жалаа коюлуп жатат. Бул боюнча соттук отурум боло элек. Утулган компания "жыгылган күрөшкө тойбойт" болуп жатат. Биз мыйзамдуу түрдө иштеп жатабыз. Буга чейин малдын кулагынан түшүп калган биркалар болгон, бирок алар сынып түшкөн эмес", - деп билдирди Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциянын юристи Эркинбек Элсинов.
Белгилүү болгондой, буга чейин сатылып алынган биркалар сапатсыз болгондон улам сынып түшүп калганы айтылган.
"Учурда өлкө боюнча 100 миң даана бирка сатылып алынды. Жакынкы аралыкта дагы 300 миң даана алынып келинет. Сатылып алынган биркалардын баары сапаттуу. Алар мал өлгөнгө чейин малдын кулагында турат", - деп билдирди тендерден уткан "Ньюс тар" компаниясынын башчысы Рахат Конокбаев.