Балыкчы-Корумду жолунда иштеген жумушчулар 3 айдан бери айлык акыларын ала албай келишет

Балыкчы-Корумду жолунун курулушу башталгандан бери 7 адамдын өмүрүн алды. Мындай маалыматты бүгүн, 16-январда Чоң-Сары-Ой айыл аймагынын жашоочулары маалымат жыйынында айтып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө нааразычылык билдиришти.

“Биздин айылды аралап өткөн Балыкчы-Корумду жолу бүтпөй жатат. Курулуш башталгандан бери 7 киши жол кырсыгына кабылып каза болду. Каза болгондор үчүн жооп берген адам жок. Жөө адамдар үчүн тротуарлар долбоордо каралган эмес. Жарыктандыруу коюла элек. Учурда иш токтоп турат. Иштеп жаткан жергиликтүү тургундар ун, май азыктарын ала албай, курулушту жүргүзүп жаткан компаниянын эшигин сагалап калышты”, - деп билдирди Чоң-Сары-Ой айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаты Тилек Кадыралиев.

Жергиликтүү жашоочулардын маалыматына ылайык, учурда жолдун курулушунан улам Чоң-Сары-Ой айылында 30га жакын, ал эми башка айылдарда 70ке жакын үй зыянга учураган. Учурда бүтпөгөн жолдо жол белгилери коюлбай, унаалар катуу ылдамдыкта жүрүп жатат.

“Үч айдан бери эмгек акыбызды ала албай жүрөбүз. Курулуш компаниясынын өкүлдөрүнө кайрылсак, Каржы министрлигинен каражат которулбай жатканын айтышты. Балдарыбыз ачка калышты. Жолдун көйгөйү чечилбей, кышкы туристтик сезонго терс таасирин тийгизип жатат. Тиешелүү министрлер, чоңдор жеп-ичип жатышат. Премьер-министр жол маселесин чечүүгө жардам берсе жакшы болот эле. Жол бүтпөй, чаң жутуп калдык. Тротуардын жоктугунан окуучулар чоң жол менен мектепке барышат. Балдардын өмүрүнө коркунуч жаралууда”, - деп билдирди жергиликтүү жашоочу Нарбүбү Дүйшөнова.

Маалыматка ылайык, аталган жолду Кытайдын "Лонг Хай" компаниясы курууда. Иш 2015-жылы декабрда башталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан