Саламаттыкты сактоо министрлиги бүгүнкү авиакырсыктан жаракат алып, ооруканага жаткырылгандардын тизмесин жарыялады. Учурда ооруканага 13 адам жаткырылганы маалым болду.
1. Улуттук госпиталга кулак тегереги айрылып кеткен 34 жаштагы Бакытбек Олжобаев жаткырылган.
2. Бишкек илимий-изилдөө травматология жана ортопедия борбору:
- Сагынбек Рахманов, 29 жашта, денесинин 45 пайызы күйүп калган;
- Орозбек Абдрашитов, 34 жашта, баш сөөк мээсинин жабык травмасы.
3. Шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасына 7 бейтап жаткырылган:
- Сайкал Жапарова, 13 жашта, баш сөөк мээсинин жабык травмасы, мээнин чайкалышы, чекесинен жаракат алып, согончок сөөгү сынган;
- Нурлан кызы Сайкал, 6 жашта, баш сөөк мээсинин жабык травмасы, мээнин чайкалышы;
- Мирлан кызы Азиза, баш сөөк мээсинин жабык травмасы, мээнин чайкалышы;
- Баянур Куштарбеков, 15 жашта, колу-бутунун жана аркасынын жумшак ткандарынан жаракат алган;
- Аяна Иманканова, 9 жашта, баш сөөк мээсинин жабык травмасы, мээнин чайкалышы;
- Тынай Иманканов, 2 жашта, баш сөөк мээсинин жабык травмасы, мээнин чайкалышы;
- Бактыгүл Кубатова, 30 жашта, көкүрөгүнөн жаракат алган (Иманкановдордун апасы).
4. Шаардык гинекология ооруканасы
- Адина Айтбекова, 26 жашта, 16 жумалык баласынын боюнан түшүп калуу коркунчу жаралууда.
5. Сокулук аймактык ооруканасы
- Жакшылык Шералиев, 7 жашта, травма алган.
Министр Талантбек Батыралиевдин айтымында, №1-шаардык клиникалык ооруканасына кырсык болгон жерден оор абалдагы 40-45 жаштагы белгисиз эркек адам алынып келинген. Каза болгондордун саны такталууда.