КҮНСЕРЕП: Кырсык кыргызды бириктирди

Бүгүн, 17-январь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Бишкектин четине кулаган Боинг 747-400 учагынын ээси "АСТ Airlines" компаниясы кырсыкка байланыштуу билдирүү жасады. Кыйраган учак 2015-жылдын 10-декабрынан бери ушул компанияга (Түркияда "MyCargo Airlines" деген ат менен таанымал) таандык экени, 2003-жылы чыгарылган аба кемеси 116 тоннадан ашык жүк көтөрүүгө ылайыктуу экени айтылат билдирүүдө. Стамбул-Гонконг каттамынан кийин экипаж мүчөлөрү Гонконгдо 69 саат эс алып, кырсык болордон 6 саат мурун (Бишкек убактысы боюнча саат 01:30 чамасында) Бишкекке учушкан. Учактын бортунда 85 тоннадан ашык жүк болгон жана абага кадимкидей көтөрүлүп, Бишкекке жеткиче учактан эч бир техникалык мүчүлүштүк байкалган эмес. "Манас" аэропортуна конуу үчүн ылдыйлай баштаган маалда деле учакта баары жайында болгону айтылды, бирок муну эксперттик комиссия аныктайт. Кыскасы, учактын кожоюндары авиакырсыкка техникалык мүчүлүштүк жана жүк фактору себеп болгон жок деген ишеничте. Мындай жагдайдан улам тараза ташы "аварияга учкучтардын жаңылыштыгы же аба ырайы себеп болгон" деген жоромолго ооп тургансыйт. Кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү да кырсыкка учкучтар күнөөлүү болушу мүмкүн деген жоромолго ыктап турушат. Учкучтар кимдер болгон?

"АСТ Airlines" учакты башкаргандардын тажрыйбасы жетиштүү экенин айтып жатат. Мисалы, учактын командир-учкучу Ибрагим Гүржан Диранжи жана экинчи учкуч Казым Өндүл мурда аскердик учкучтар болушкан, компаниянын кызматкери катары көптөн бери эл аралык каттамдарды аткарып жүрүшкөн. Ал эми учакка жүк жүктөө боюнча адис Мелих Аслан 14 жылдык тажрыйбага ээ болсо, борт техниги Ихсан Кожа көп жылдар бою Түркиянын аба күчтөрүндө техник болуп иштеп, 2006-жылдан бери "АСТ Airlines" компаниясынын кызматкери. "ACT Airlines" компаниясынын кожоюндарынын бири 2007-жылы Түркиядагы авиакырсыкка күнөөлөнүп соттолгону тууралуу ММКларга маалымат тарады. 2007-жылы ноябрда Түркияда Стамбул-Испарта каттамы менен учуп бараткан учак кулап, 56 адам каза тапкан. Кыйраган учакты "ACT Airlines" компаниясынын директору Явуз Чизмеджи ижарага алганы аныкталган жана учактын жараксыз экенин билип туруп колдонуудан чыгарып салбаганы үчүн сот тарабынан күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 8 айга эркинен ажыратылганы айтылды. 2011-жылдан бери "АСТ Airlines" компаниясынын ээси Явуз Чизмеджинин атасы Даалар Чизмеджи экени маалымдалууда. Бул арада Бишкектин четиндеги кырсыктан терроризмдин көлөкөсүн издегендер чыкты. Бирок Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги кырсык болгон жерден эч кандай жарылуучу зат табылбаганын, андыктан бул окуяны теракт деп айтууга негиз жоктугун билдирип, ашыкча талкууларга чекит койду. Учак кырсыгы боюнча бир жактуу жыйынтык чыгарууга эрте. Бүгүн өлкөгө Мамлекеттер аралык авиация комитетинин эксперттери келип, иликтөөнү башташты. Учак кулаган жерден табылган 2 "кара куту" кырсыктын себептерин аныктоодогу негизги предметтердин бири. Ошондой эле тийиштүү эрежелерге ылайык, кулаган учактын ири фрагменттери да ордунан козголо элек. Учак эмне үчүн аэропорттон ашып өтүп үйлөрдүн үстүнө кулаганы азырынча расмий аныктала элек.

Кыйраган учак Гонконгдон Стамбулга уюлдук телефон жана кийим-кече ташып бараткан. Бүтүндөй өлкө кайгырып турган маалда кырсыктын артынан пайда табууну көздөгөндөр да болду. Окуя болгон жерден учактан түшкөн кутуларды үйүнө ташып кеткен жаран кармалып, "уурулук" беренеси боюнча кылмыш иши ачылды. Ошондой эле интернетке милиция кызматкерлери 2 жаранды суракка алып жатканы тартылган видео жүктөлдү. Анда эки адам кол саат, уюлдук телефон өңдүү буюмдарды күрмөгө ороп, кырсык болгон жерден жашыруун алып кетүүгө аракет кылганы тууралуу сөз болот. Кармалгандар жабыркагандардын буюмун өздөрүнө алып баратканын айтып жатканын көрүүгө болот. Мындан тышкары МАИ кызматкерлери 60 "Айфон" алып бараткан айдоочуну кармаганы, ал телефондор кырсык болгон жерден алынганы тууралуу да маалымат чыкты. Бул жоруктар көпчүлүктү кыжырдантты. Мындай жагымсыз окуяларды элдин ынтымагы жууп кетүүдө.

Өлкөгө оор мүшкүл түшкөндө кыргыз эли бир муштумга бириге аларын 2010-жылкы Июнь окуясы көрсөткөн. Бул жолу да жакын адамдарынан, үй-жайынан ажырап оор абалда тургандарга карапайым эл жардам колун сунуп, гуманитардык жардам берүү демилгесин колго алды. Жер-жерлерде жардам кабыл алуу пункттары, бирдиктүү банктык эсеп ачылып, көпчүлүк колдон келген жардамын берип жатканы кубандырат. Өкмөт жабыркагандарга жана каза тапкандардын жакындарына 70 миң сомдон жардам берилерин билдирсе, президент 100 миң сомдон, Жогорку Кеңеш 80 миң сомдон бөлгөнү жатат. "АСТ Airlines" компаниясы бардык жабыркагандарга компенсация төлөп берерин убадалады.

Расмий маалыматка ылайык, кырсыктан каза тапкандардын саны 38ди түздү (17-январь, саат 18:00гө карата). 33 жарандын сөөгү жакындарына өткөрүлүп берилсе, 1 адамдын ким экени аныктала элек. Экипаждын 4 мүчөсүнүн жансыз денеси да өлүк сактоочу жайда турат. Ал эми 13 адам учурда ооруканада. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, алардын бири оор абалда. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков авиакырсыктан улам ата-энесиз калган балдарга кам көрүү милдетин Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине жүктөдү.

Гонконг-Стамбул каттамынын учактары күйүүчү май арзан болгону үчүн "Манас" аэропортуна май куюп алуу үчүн конуп турушкан деген пикирлер айтылууда. Белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасы 2014-жылы өлкөдөн АКШнын аскердик базасын чыгаргандан кийин "Манас" аэропортунун базасында эл аралык авиахаб курууга кызыкдар эле. Ага ылайык, аэропорттордун учуу-конуу тилкелери оңдолуп, терминалдарын өнүктүрүү, Бишкекке конуп-учкан эл аралык каттамдын учактарын арзан күйүүчү май менен камсыздоо иши колго алынмак. "Манаста" авиахаб түзүү үчүн инвестиция салууга даярдыгын орусиялык "Новапорт", "Авиа-Инвест", "Роснефть" компаниялары, Евразия өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы өңдүү каржы уюмдары билдиришкен. 2014-жылы "Манас" аэропортунун 51 пайыз акциясын "Роснефть" компаниясына сатуу боюнча маселе көтөрүлүп, бул аракет парламентте, коомдо катуу нааразычылыктарды жараткан. Жыйынтыгында компания өз аракетинен баш тарткан. Президент Алмазбек Атамбаев аэропорттун акцияларын сатуу аракети зарылчылык экенин, "Манас" аэропорту хабга айланса, Алматы, Астана, Дүйшөмбү, Ташкентке караганда Бишкекте керосин арзан болуп, мунун артынан өлкөгө конуп-учкан учактар көбөйөрүн айткан. Ошентип, бул ишти чет элдик компанияларга берүү аракетинен майнап чыккан эмес. Кыргыз тарап инвесторлордун акчасына авиахаб куруу идеясынан баш тартканын 2015-жылы "Манас" Эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунан билдиришкен. Бул баш тартууга "стратегиялык маанидеги аэропортту чет өлкөлүк компаниялардын башкаруусуна берүүгө болбойт" деген пикирлер негиз болгон. 16-январдагы кырсык "Манастын" ишине көлөкө түшүрүп, Бишкекти аялдама катары пайдаланып жүргөн авиакомпанияларды чочутушу мүмкүн. Ал эми авиахаб куруу үчүн 1,2 миллиард доллар керек, Кыргыз өлкөсү өз алдынча бул сумманы жумшай албайт...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан