Милиция кызматкерлери тарабынан кырсык болгон жер толук курчоого алынып, коомдук тартип көзөмөлдөнүп жатканын бүгүн, 17-январда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
ИИМдин маалыматына караганда, уурулук боюнча бир факт катталып, 1985-жылы туулган Т.Н. аттуу жергиликтүү тургун кармалган.
"Анын үйү кырсыктан зыянга учураган эмес. Ал кырсыктан улам жерге чачылган кутуларды чогултуп, үйүнө алып кирип алган. Учурда "уурулук" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, Т.Н. Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. Андан башка уурулук фактысы катталган жок", - деп айтылат ИИМдин маалыматында.
"Манас" аэропортунун жанындагы Аэрофлот дачалык тилкесине кулаган учак Гонконгдон келе жаткан. Анын ичинде 85 тонна калкка керектүү товарлар (уюлдук телефон, кийим-кече жана башкалар) болгон.