Бишкектин четине кулаган Боинг учагынын ээси "АСТ Airlines" компаниясы кырсыктын бардык жабырлануучуларына компенсация төлөп берет. Бул тууралуу компаниянын 16-январда жасаган билдирүүсүндө айтылат. Кыйраган учакта 85 тонна жүк болгону да маалымдалды. Компания окуяга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги, Жарандык авиация агенттиги менен дайыма байланышта турарын белгилейт. Кырсыктын негизги себеби учакты жана кырсык болгон жерди текшерип чыккандан кийин белгилүү болору айтылды.
Эскерте кетсек, 16-январда таңга маал "Манас" аэропортуна жакын жерге Боинг 747 учагы кулаган. Жүк ташуучу учак үйлөрдүн үстүнө түшүп, ондогон адамдардын өмүрүн алды. Акыркы маалыматтар боюнча каза тапкандардын саны 36га жетти. Ооруканада жаткандар дагы бар. Факт боюнча Транспорттук прокуратура кылмыш ишин козгоп, УКМК менен ИИМ иликтөө жүргүзүүдө. Кырсыкты Мамлекеттер аралык авиация комитети иликтейт.
Бүгүн, 17-январь - өлкөдө аза күтүү күнү.