Бүгүн, 19-январь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
16-январда "Манас" аэропортуна жакын жерге кулаган Боинг 747-400 учагы Бишкекке күйүүчү май куюу үчүн эмес, жүк түшүрүү үчүн конмок. "АСТ Airlines" ушундай билдирүү таратып, авиакырсыкка жаңы түс берди. Кыргыз өкмөтү кулаган учак Гонконгдон Стамбулга учканын, Бишкектен күйүүчү май куюп алууну көздөгөнүн билдирип жаткан. "АСТ Airlines" - кулаган учактын ээси, андыктан анын кырсыкка тийиштүү билдирүүлөрүнө маани берүү зарыл. Ошол эле учурда бул авиакомпания тараткан билдирүүгө акыркы чындык катары мамиле кылган кооптуу. Алар авиакырсыктан жабыркагандарга компенсация төлөбөштүн, имиджин сакташтын аракетинде ар кандай жолдорго барышат.
"Боинг Бишкекке күйүүчү май үчүн кайрылган" дегенге негизинен ынанып турган коомдо эки ача пикирлер жаралды. "Өкмөт эмне үчүн маалыматты бурмалады? Учакта эмне жүк болгон жана ал кимге таандык эле?" деген өңдүү бир топ суроолор пайда болуп, азырынча жооп айтыла элек. Мындан тышкары кечээ, 18-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аида Салянова ("Ата Мекен") авиакырсык боюнча өкмөттүн маалыматын угууну сунуштап, бирок өкмөттүн парламенттеги өкүлү "окуя болгон жерде тийиштүү министрлер иштеп жатышат" деп бул маселени кароону кийинки жумага жылдырган. Бул коомчулукта күмөндү ого бетер күчөттү. Өкмөттүн парламентте маалымат берүүдөн баш тартышы жүктүн кимге таандык экенин жашыруу аракетиби? Бул суроолорго жооп табуу үчүн депутаттык комиссия түзүүнү Жогорку Кеңештин 19-январдагы жыйынында “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев сунуштады. Текебаев өкмөт авиакырсыкка байланыштуу күмөндүү ишти жашырып жатат деген пикирде. Депутат кырсыктан кийин өкмөт тараткан маалымат менен "АСТ Airlines" авиакомпаниясынын билдирүүсүндөгү дал келбестиктерди атап, аталган компаниянын учактары "Манаска" 52 жолу конгонун айтты. Текебаев бул учуулардын артынан кимдир бирөө миллиондоп пайда таап жатышы ыктымал экенин баса белгиледи. Адегенде депутаттык комиссия түзүү сунушун "Өнүгүү-Прогресс", "Бир бол" фракцияларынын лидерлери колдоп, калган 3 фракциянын лидери үн катышкан жок. Спикер Чыныбай Турсунбеков (КСДП) бул маселе алгач комитетте каралышы керектигин айтып чыгып, бул аракети ишке ашпай калды. Депутаттар түштөн кийин депутаттык комиссия түзүү демилгесин колдоп беришти. Комиссияга 11 депутат кирди.
Учактагы жүк 85 тоннаны түзүп, анда электрондук жабдуулар жана кийим-кечек болгону маалымдалган. Учак кулаган жерден уюлдук телефондор, кол сааттар жана башка буюмдар табылган. ММКларга кырсык болгон жерден электрондук жабдууларды колдонуу боюнча кыргызча жазылган нускамалар табылганы тууралуу маалымат тарады. Бул жагдайлар "учак Бишкекке жүк түшүрүүгө конмок" деген маалыматтын салмагын арттырууда, бирок азырынча маалымат далилдене элек. Айтор, учак кырсыгынын түйүнү татаалданды. Элге чындыкты аныктап берүүгө депутаттык комиссиянын эрки жетеби? Эгер учактын "Манаска" конуудагы максаты жүк түшүрүү болсо, ал кимге таандык эле? Мыйзамдуу алымдар төлөнгөнбү же аткезчилик жүк беле? Контрабанда болсо депутаттык комиссия жыйынтык чыгарарына ишенүү кыйын. Жүктүн кожоюндары 11 депутаттын оозун жабууга жан талашат. "АСТ Airlines" компаниясы алгачкы билдирүүсүндө учактагы жүктүн ээси жана учак Бишкекке эмне үчүн конууну көздөгөнү тууралуу сөз кылган эмес. Кырсыкка техникалык мүчүлүштүк жана жүктүн салмагы себепкер болгон эместигин гана айткан эле. “Манас” аэропортунун басма сөз кызматы түркиялык учактын Бишкекке конуусу боюнча жаңы версияга "учак Кыргыз Республикасына жүк түшүрүү үчүн келген эмес, “Манас” аэропортуна май куюу үчүн гана конуу максатын көздөгөн" деген билдирүүнү таратты...
38 адамдын өмүрүн алган авиакырсык өкмөттүк органдар форс-мажордук кырдаалга канчалык даяр экенин да көрсөттү. Саламаттыкты сактоо системинде бир топ кемчиликтер ачыкка чыкты. Алардын бири - Бишкектеги Республикалык соттук-медициналык экспертизалар борборунун абалы. Өлүккананын оор абалда экени буга чейин эле айтылып келген, бирок өкмөт тарабынан түзүгүрөөк көңүл бурулган эмес. 16-январдагы авиакырсыктан каза болгондор боюнча документ иштерин бүтүрүүдө жөнөкөй кагаз, кол каптар жетишпей жүдөштү. Бул окуяны бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Ирина Карамушкина (КСДП) айтып чыкты. "Акыркы 20 жыл ичинде өкмөт өлүккананын абалына көңүл бурган эмес. Жабдуулары эскирген. Капиталдык оңдоо иштери 1987-жылдан бери жүргүзүлбөптүр. Жер титиресе, имарат кулап кетчүдөй", - деди Карамушкина.
Мындан тышкары учак кулаган күнү өлүккананын кейиштүү абалы тууралуу маалыматтар чыкканда, депутаттардын бири Саламаттыкты сактоо министрлигине чалып, "мындай маалымат өлкөнүн аброюна шек келтирип жатат" деп урушканы тууралуу маалымат чыккан эле. Өлүккананын оор абалын жашыруу менен аброй топтоо канчалык керектүү? Андан көрө мекемени оңдоп-түзөө ишин демилге кылышса жарашмак. Парламент депутаты Альфия Самигуллинанын (КСДП) айтымында, өлүкканалардын кызматкерлери авиакырсык болгон күнү өз ишин мыкты аткарышты. Айрым депутаттар өлүккананы жаңылоого канча каражат керектигин тактоо боюнча өкмөткө тапшырма беришти. Демек, каражат табылса, каралбай калган өлүк сактоочу жайдын абалы жакшырышы мүмкүн. Азырынча ишенүүгө эрте. Өлүк сактоочу жай эмес, тирүүлөр жаткан мамлекеттик ооруканалардын абалы боор ооругудай экени көпчүлүккө маалым. Ооруканалардан полу чириген бөлмөлөрдү, эскилиги жеткен эшик-терезелерди, эски керебеттерди кезиктирүү бүгүн кадимки эле көрүнүш...