Жогорку Кеңеште бүгүн авиакырсык маселеси эмне себептен каралбай турганы белгилүү болду

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында авиакырсык маселеси талкууланбайт. Тиешелүү чечимди депутаттар добуш берүү аркылуу кабыл алышты.

Алгач депутат Аида Салянова ("Ата Мекен") бул маселени күн тартибине киргизүүнү сунуштаган. "Кырсык боюнча козголгон кылмыш иши боюнча ыкчам маалымат алып, өкмөт жүргүзүп жаткан иш-чаралардын жыйынтыгы менен таанышышыбыз керек. Мындан тышкары ата-энесиз калган балдарга колдоо көрсөтүү, компенсация төлөө маселелерин талкуулашыбыз зарыл", - деди Салянова.

Өкмөттүн парламенттеги өкүлү түшүндүргөндөй, учурда эл аралык комиссия окуя болгон жерде таанышуу иш-чараларын өткөрүп жатат. "Биринчи вице-премьер-министр алар менен чогуу жүрөт. Саламаттык сактоо министри ооруканаларга барып, жабырлануучулардын абалы менен таанышууда. Өзгөчө кырдаалдар министри окуя болгон жерде тиешелүү иш-чараларды уюштурууда", - деди өкмөттүн өкүлү.

Жыйынтыгында депутаттар бул маселени кароону кийинки отурумга жылдырышты.

Айта кетсек, 16-январь күнү эртең менен "Манас" аэропортуна жакын жайгашкан Аэрофлот дачалык тилкесине жүк ташуучу учак кулап, жалпы 38 адамдын өмүрүн алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан