Бүгүн, 19-январда Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев Бишкектин четинде орун алган көптөгөн жарандардын өмүрүн алган авиакырсык боюнча маселе көтөргөн. Ал өкмөттүн "учак май куюу үчүн конгонго аракет кылган" деген сөзүнө ишенбей турганын, аткаруу бийлиги чындыкты жашырып жатканын айткан.
“Азаттык” басылмасы Боинг 747-400 учагы кыйраган Курулуш башкармалыгынын дачалары аймагынан гаджеттерди туура пайдалануу жолдорун көрсөткөн кыргыз тилиндеги нускамалар табылганын билдирди. Бул кагаздар Текебаевдин "Учак кимдир бирөөнүн тапшырмасы менен Кыргыз жергесине жүк ташып келе жаткан" деген маалыматтар чыгууда. Эгер чын эле аткезчилик болсо, кимдир бирөө миллиарддаган пайда таап жаткан" деген кебинде чындык болушу мүмкүн деген ойду туудурат.
Ө.Текебаевдин депутаттык комиссияны түзүү демилгеси башка фракциялардын лидерлеринин колдоосун тапты.
Кошумчалай кетсек, кыйраган учакка ээлик кылып келген "ACT Airlines" компаниясы учак күйүүчү май куюу үчүн эмес, Кыргыз жерине жүк жеткирүү максатында конууга аракет кылганын кабарлаган. Бирок “Манас” аэропортунун берген маалыматына таянсак, учак май куюп алып кайра Стамбулду көздөй бет алмак.