Баткен облусунун Кызыл-Бел айылынан барган тургундар Ош шаарындагы "Адеп башаты" фондунун имаратына жайгаштырылды. Алардан Ош шаарынын вице-мэри Эмиль Шадыханов кабар алганын шаардын мэриясы кабарлады. Учурда медицина кызматкерлери тургундарды кароодон өткөрүшүүдө.
Жалпы 12 аял, 20 бала, 7 эркек киши жайгаштырылды.