16-декабрь күнү Кыргыз-Тажик чек арасында эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда чыр чыккан. Бул тууралуу чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Баткен районунда жайгашкан Көк-Таш айылындагы Кыргыз өлкөсүнө тиешелүү тактала элек тилкеге Тажик жарандары тосмо куруп башташкан. 30-40 Кыргыз жараны курулуш жүргүзүлүп жаткан дүкөн жакка чогулуп, нааразычылыктарын билдиришкен. Жыйынтыгында эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда чыр чыгып, жерине Кыргыз Республикасынын чек ара кызматкерлери барып, Тажик жарандарынан чек аранын тактала элек тилкесине иш жүргүзбөөнү талап кылышкан. Бирок тажик тарап макул болгон эмес. Учурда Кыргыз-Тажик чек ара кызматынын өкүлдөрүнүн ортосунда жолугушуусу өтүүдө.