Мындан бир нече мүнөт мурда орусиялык ырчы Нюша күйөрмандарын күтүүсүз жаңылык, тагыраагы, турмушка чыгып жатканын айтып таң калтырды. Ал сүйүктүүсү, Эл аралык студенттик спорт федерациясынын президентинин башкы кеңешчиси Игорь Сивовдун сунушун кабыл алган. Ырчы Instagram`дагы баракчасына нике шакегин көрсөтүп, "мен колуктумун" деп жазган.
Ал эми ырчынын турмушка чыгып жатканын анын өкүлү жергиликтүү басылмаларга расмий түрдө тастыктаган.
Жеке жашоосу тууралуу маалымат берүүнү жактырбаган ырчы сүйүктүүсү жөнүндө эч нерсе айтпай келет. Бирок журналисттер Игорь Сивов мурун үйлөнгөнүн, эки баласы бар экенин айтып чыгышкан.