Бишкектеги мектеп директорлоруна социалдык тармактардагы өлүмгө жетелеген оюндар тууралуу жыйын өттү

Бишкектеги мектеп директорлоруна социалдык тармактардагы өлүмгө жетелеген оюндар тууралуу жыйын өттү. Бул тууралуу бүгүн, 1-февралда Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, борбор калаадагы №24-гимназия-мектебинде өспүрүмдөрдү өмүрүн кыюуга жетелеген социалдык тармактардагы оюндар тууралуу мектеп директорлоруна жыйын өттү. Чакырылгандар үчүн "море китов", "тихий дом", "хочу в игру", "разбуди меня в 4:20" хештегдери колдонулган оюндар тууралуу видеолор көрсөтүлүп, бул оюнду ойногон балдардын мүнөзүндөгү белгилер тууралуу айтылган.

"Оюнду ойногондор кайгылуу, урушчаак болуп, бетин колу менен же башка нерсе менен жаап, сөөмөйүн көрсөтүп калышат. Бишкек шаарынын башкы психиатры Кеңеш Үсөнов мугалимдерди окуучулардын өзүн алып жүрүүсүнө көңүл буруп, ата-энелер менен иштешүүгө чакырды", - деп айтылат маалыматта.

Бул багытта жумуштар уланарын кошумчалашты мэриядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан