Өспүрүмдөрдүн жана балдардын өз өмүрүнө кол салуусуна түрткү берген оюн учурда коомчулукта кызуу талкуу жаратууда. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги акыркы күндөрү интернеттеги социалдык тармактарда талкууга алынып жаткан “Тихий дом” оюну боюнча укук коргоо органдарына кайрылды.
Министрлик райондук Билим берүү башкармалыгынын жетекчилерине мектеп окуучулары кирип жаткан сайттарды көзөмөлгө алуу боюнча ата-энелер менен чогулуштарды өткөрүү тапшырмасын берди. Анын ичинде балдардын социалдык желелерде өткөргөн убакытын, кыймыл-аракетин, компьютердеги оюндар, психологиялык жана физикалык ден соолугуна көңүл буруу керектиги айтылды. Бул тууралуу 1-февралда мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.