"Жолугушууда онкологиялык ооруларды дарылоочу "Бабатрон-II" аппаратын алып келүү жана орнотуу боюнча бир катар маселелер каралды. Ошондой эле аппаратты орнотуунун техникалык жактары да талкууланды. Министр индиялык тарапка белек үчүн ыраазычылыгын айтты", - деп билдиришти министрликтен.
Эскерте кетсек, аталган аппарат Алмазбек Атамбаевдин 2016-жылы декабрь айында Индияга болгон сапарында белекке берилери маалым болгон.