Сүрөтчү Төлгөбек Койчуманов Валентина Шевченконун жеңишинин урматына анын сүрөтүн тартты. Бул тууралуу SUPER.KG`ге сүрөтчү билдирди.
"Кечээ, 31-январда Валентина Шевченконун жеңишинин урматына анын сүрөтүн 4 саатта тартып бүттүм. Сүрөттү өзүм анын колуна тапшырсам жакшы болмок, азыр Шевченко менен байланышуунун жолдорун издеп жатам", - дейт Т.Койчуманов.
Белгилей кетсек, өткөн жумада "UFC on FOX 23" мелдешинде Кыргыз өлкөсүнөн чыккан спортчу Валентина Шевченко америкалык Жулианна Пеньяны жеңиштүү ыкманы жасап утуп алган.