Боюн таштап каза болгон окуучунун мектебинде ата-энелер үчүн интернеттеги оюндар тууралуу жыйын өткөн

Бишкектеги №12-мектепте 8-класстын окуучусу каза болгонго чейин ата-энелер чогулушу өткөн. Бул тууралуу аталган мектепте билим алган окуучунун атасы Канатбек Мурзахалилов бүгүн, 1-февралда SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, чогулуш 30-январда өткөн.

“Анда өспүрүмдөрдүн өзүнүн өмүрүнө кол салуу маселеси боюнча презентация көрсөтүлгөн. Ошол эле учурда өспүрүмдөрдү суицидге түрткөн интернеттеги оюндардан балдарды коргоо тууралуу сөз болгон. Мектептин директорунун орун басары Галина Юрьевна ата-энелерге балдарынын уюлдук телефондорун текшерүү маселесин айткан. Жыйналыштан келгенден кийин балабыздын телефонун текшерип, ага эскертүү бергенбиз”, - дейт ал.

Ал буга чейин деле суицид тууралуу темада чогулуш өткөрүлүп келгенин, каза болгон окуучу анын баласы менен тең куракта болгонун айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
momun74
2017-02-01 13:55:31
Сабыр!
+4
dindilin
2017-02-01 14:41:29
Жаш кары дебей жараткан баарыбызга ыйман берип, арам олумдон сактаса экен. Кечээ да Жалал Абад обл.Базар коргон рай-а 4-кл бала асынып алды эле. Мамлекеттик денгээлде чара коруп ата энелер балдарга козомол кылып туура тарбия беришибиз керек.
+1
knk
2017-02-01 15:42:03
Ушундай оюн бар экен деп жар салып, аны тескерисинче реклама кылып алдык. Биз коомчулукка башкача жол менен жеткиришибиз керек эле да. Же таптакыр билгизбей жок кылышыбыз керек эле.
+2
aseras
2017-02-01 16:13:06
Кечээ эле ИИМ ден оюн артынан Кыргызстанда бир да бала оло элек деп атты эле.Олушун кутпой алдын алса болбойбу эмне?!
+2
semo
2017-02-01 17:46:45
Бул не деген оюн тушунбөдүм
0
Msto005571
2017-02-02 03:14:34
Кантип тапсам болот мен да ойнойунчу
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан